Чынар Капарова: «Курултай эл менен бийликтин ортосундагы дубалды кулатты»
2022-жылы өткөн Биринчи Элдик курултайда Бишкектин экологиясы, таштанды, унаа тыгыны жана шаардык инфраструктурага байланышкан бир катар көйгөйлөр көтөрүлгөн. Бүгүн алардын айрымдары боюнча конкреттүү иштер жасалып, айрым маселелер чечилүү жолуна түштү. Чынар Капарова Элдик курултайда көтөрүлгөн сунуштардын аткарылышы, анын эл менен бийликтин ортосундагы байланыштагы ролу жана алдыда турган маселелер тууралуу пикирин билдирди.
— Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер бүгүнкү күндө чечиле баштады деп айтууга болобу? Кайсы маселелер боюнча жыйынтык байкалып жатат?
-Ооба, чечилип жатат деп толук ишеним менен айта алам. Анткени 2022-жылы Биринчи Элдик курултайдын трибунасынан борбор калаанын 4 районунун атынан делегат-докладчы катары жеткирген курч экологиялык жана инфраструктуралык маселелердин дээрлик бардыгы бүгүн реалдуу жашоодо өз чечимин таап жатат.
Эң башкысы куру сөз эмес, конкреттүү иштер жасалып, ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Мисалы, биз катуу талап кылган таштанды көйгөйү ордунан козголуп, Бишкек санитардык полигонунун аймагында заманбап экотехнологиялык таштанды кайра иштетүүчү завод курулду. Учурда анын кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин жеткирүүчү экинчи этабы пландалууда. Бул завод экологияны гана сактабастан, таштандыдан электр энергиясын өндүрөт. Экинчи орчундуу маселе шаар ичиндеги тыгындарды азайтуу болгон. Ооба, тыгындан толук арыла алган жокпуз, бирок аны жоюунун үстүндө натыйжалуу иштер аткарылып жатат. Мисалы, Батыш жана Чыгыш автобекеттери толугу менен шаардын сыртына көчүрүлүп, жаңы заманбап Батыш автобекети 16 гектардан ашык аянтта курулуп бүттүп калды. Ошондой эле СЭЗ «Бишкек» (Эркин экономикалык зонасы) резиденттерин жана ири базардарды шаардан сыртка, жаңы аймакка көчүрүү боюнча өкмөттүк деңгээлде чечимдер кабыл алынып, иш кызуу жүрүүдө. Азыр да шаар бийлиги Президенттин тапшырмасы менен тыгын маселесинин үстүндө жан үрөп аракет кылууда. Таптакыр эч нерсе жасалбай жатат десек калпычы болобуз. Советтик доордо 500 миң адамга гана эсептелген жолдорду бүгүн кеңейтүү абдан оор, ошентсе да аракеттер көрүлүп жатканын танбашыбыз керек. Тыгын менен бирге экологияны тазартуу, б.а. түтүн, автобустарды алуу маселебиз да унутта калган жок. Эски, кара түтүн чыгарган маршруткалардын ордуна миңдеген жаңы экологиялык таза, газда жана электрде иштеген автобустар келип, каттамга чыкты. Автопарк азыр да улам толукталууда. “Көрө-көрө көсөм болот” демекчи, улам кетирилген каталарды эске алуу менен жаңыланууга тынымсыз иш жүрүүдө. Мындан сырткары, жаңы конуштарды жашылдандыруу жана парктарды ачуу боюнча масштабдуу иштер пландалып, конуштарда жаңы сейил бактарды уюштуруу долбоорлору ишке ашууда. Биз талап кылгандан башка да канчалаган ири мамлекеттик имараттар курулду.
— Курултайда көтөрүлгөн маселелер сөз жүзүндө калбай, иш жүзүндө чечилерине эл арасында ишеним пайда болдубу?
Албетте, элдин бийликке жана Курултай институтуна болгон ишеними калыбына келе баштады. Мурунку замандардагыдай маселелерди айтып коюп, кагаз бетинде калтырган тенденция артта калды. Эл Ленин районунун жана жалпы Бишкектин атынан айтылган Башкы план, таштанды заводу, шаарды децентрализациялоо, б.а.ири курулуштарды, базарларды четке чыгаруу сыяктуу эң оор маселелердин бүгүн иш жүзүндө аткарылып жатканын өз көзү менен көрүүдө. Кара түтүн каптаган Бишкектин абасын тазартуу үчүн миллиарддаган каражат жумшалып, жаңы жашыл транспорттордун келиши, бекеттердин көчүрүлүшү элдин “биздин үнүбүз баары бир жетпейт” деген скепсисин талкалады. Эл азыр бийлик берген убадасына туруп, Элдик курултайдын чечимдерин мыйзамдык деңгээлде аткарып жатканын көрүп, мамлекеттин келечегине ишенимдүү карап калды.
— Сиздин оюңузча, Элдик Курултай элдин үнүн бийликке жеткирүүчү натыйжалуу аянтча боло алдыбы?
Ооба, Элдик курултай өзүнүн натыйжалуулугун жана бийлик менен түз байланыштын эң башкы көпүрөсү экенин толук далилдеди. Мен 2022-жылы ошол чоң трибунага чыгып, калың элдин аманатын, Бишкектин экологиялык курч көйгөйлөрүн ачык жана түз айткам. Эгер бул аянтча натыйжасыз болсо, биздин айткандарыбыз унутулуп кетмек. Бирок бүгүн Президент баштаган өкмөт мүчөлөрү Курултайдын ар бир протоколун көзөмөлгө алып, ошол эле таштанды утилдештирүүчү заводдун, жаңы базарлардын, бекеттердин курулушун жеке өздөрү барып текшерип жатышканы натыйжалуулуктун эң жогорку көрсөткүчү. Курултай жөн эле сунуш берүүчү эмес, бийликти элдин талабы менен эсептешүүгө мажбур кылган, натыйжалуу жыйынтык берүүчү саясий куралга айланды.
-Элдик Курултай чындап эле эл менен бийликтин ортосун жакындатып, өз ара түшүнүшүүгө жол ачып жатабы?
Дагы бир жолу кайталайын, Курултай эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жоюп, ортодогу дубалды кулатты. Буга чейин карапайым элдин үнү чиновниктердин кабинеттеринен ашчу эмес, ал эми биз, делегаттар, түз эле мамлекет башчысына жана министрлерге элдин көйгөйүн бетме-бет айтууга шарт алдык. Бийлик элдин үнүн угуп, шаардын четине ири инфраструктуралык объекттерди көчүрүү, жаңы конуштарга кам көрүү боюнча кадамдарга барганы өз ара түшүнүшүүнүн жана бир багытта иштөөнүн натыйжасы. Курултай аркылуу бийлик элдин талабын угууну үйрөндү, ал эми эл мамлекеттин чечимдерине түздөн-түз таасир эте аларын сезип, ортодо бекем биримдик жана диалог орноду.
Кезектеги Курултайда да борбор калаанын баш оорусуна айланган унаа тыгындары, билим берүү очокторунун жетишсиздиги жана университеттерди шаар сыртына чыгарып, заманбап кампустарды куруу сыяктуу стратегиялык маселелер көтөрүлөрү шексиз. Бул элдин өсүшү менен кошо жаралган табигый суроо-талап жана биз бул маселелерди бийлик алдына коюуну уланта беришибиз керек. Бул үчүн Курултай жашаш керек. Анткени ал нукура элдик институт катары өзүн көрсөтө алды. Курултайдын ушундай ишенимге кирип, реалдуу иштеп жатышына Президент Садыр Жапаровдун салымы өзгөчө. Мамлекет башчысы ишти түз көзөмөлгө алып, натыйжалуулукту талап кылбаганда, айтылган сөздөр Курултайдын чайы менен кошо жуулуп, кагаз бетинде калып калмак. Элдик курултайдын өмүрү узун болсун!