Чынар Капарова журналист, филология илимдеринин кандидаты, доцент: Телерадионун тарыхын жазуу мен үчүн кесиптик гана эмес, жарандык милдет болду

Чейрек кылым өмүрүн Кыргыз телерадиосуна арнаган журналист Чынар Капарова архивдерди казып, күбөлөрдүн изин сүрүп, улуттук телерадионун айтылбай келген тарыхын китепке айландырды. Бул маекте ал изилдөө учурундагы кызыктуу табылгалар, УТРКнын басып өткөн жолу жана бүгүнкү абалы тууралуу ой бөлүштү.

– Кыргыз телерадиосунун тарыхын изилдеп жатып, сизди эң көп таасирленткен окуя же инсан ким болду?
— Кыргыз телерадиосунун тарыхын жөн жерден изилдеп калган жокмун. Бул тармакта чейрек кылымдан аша эмгектендим. Кабарчы, алып баруучу, жооптуу редактор, бөлүм башчы, жетекчи болуп иштеп, өмүрүмдүн чоң бөлүгү ушул жер менен байланышып калды. Көгүлтүр экран аркылуу элге таанылдым. Телерадионун тарыхын изилдөө илимий ишиме байланыштуу башталган. Алгачкы эмгегимде телерадионун тарыхын жазып чыккам. Бирок Илимдер академиясындагы адистер бул эмгек журналистикадан көрө тарых жана саясат таанууга жакын болуп калганын айтып, аны өзүнчө чоң китепке айлантууну сунушташкан. Ошондон кийин бул теманы тереңдетип изилдеп, бүгүнкү китебим жарык көрдү. Китепте кыргыз телерадиосунун дээрлик бир кылымдык жолу камтылган. Бул аралыкта кандай өзгөрүүлөр болду, кандай сыноолордон өттү, кандай инсандар эмгек кылды баарын архивдик материалдарга жана фактыларга таянып чагылдырууга аракет кылдым.

Изилдөө учурунда мени өзгөчө таң калтырган жагдайлардын бири – жетекчилердин алмашуусу болду. Эгемендүүлүккө чейин 33 жыл ичинде телерадиону болгону беш жетекчи башкарса, эгемендүүлүк жылдарындагы 33 жылда жыйырма жетекчи алмашкан. Мындай туруксуздук мекеменин өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болгонун жашырууга болбойт.

– Изилдөө учурунда эл билбеген кандай кызыктуу фактыларга туш болдуңуз?
– Телерадионун ар бир күнү өзүнчө тарых. Мен бул мекеменин патриоту катары анын жакшы жагын да, оор күндөрүн да жакындан көрдүм. Саясий окуялардын айынан телерадио коомчулукта көп учурда терс пикир менен кабыл алынып калды. Эки революцияда талкаланып, «кара ящик» деген атка конгону да жашыруун эмес. Китепте ушул көрүнүштөрдүн себептерин кандайдыр бир кызыкчылыкка таябастан, фактылар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылдым. Кайсы мезгилде кандай саясат жүрдү, ким кандай чечим кабыл алды, эмне үчүн мамлекеттик канал саясаттын куралы болуп калды деген суроолорго архивдик документтердин негизинде жооп издедим. Телерадиону акционердик коомго айландыруу аракеттери да болгон. Бирок оор мезгилдерде мекемени сактап калган эң чоң күч өз ишине берилген кызматкерлер болду. Айлык аз, шарт оор болсо да, алар телерадионун жоголуп кетишине жол беришкен эмес. Кийин коомдук телерадио макамына өтүү маселеси көтөрүлдү. Бирок коомдук макам алган соң дагы анын негизги принциптери толук ишке ашпай калды. Эмне үчүн мындай болду, эмне себептен кайра эле бийликтин таасири күчөдү, кийин эмне үчүн улуттук макамга өттү, ушул суроолорго да жооп издедим.

– Бул китепти жазууда архивдик материалдарды табуу канчалык оор болду?
– Архив менен иштөө эң татаал, бирок эң кызыктуу бөлүгү болду. Мамлекеттик архивде көп убакыт өткөрдүм. Телерадиого байланыштуу эски папкаларды ачып, көзү өтүп кеткен белгилүү инсандардын өз колу менен жазылган каттарын окуганда өзгөчө толкундандым. Ошол эле учурда өкүнүчтүү көрүнүштөргө да күбө болдум. Эл сүйгөн белгилүү инсандар тууралуу негизсиз арыздар, тоголок каттар дагы архивде сакталыптыр. Мунун баары ошол доордун атмосферасын түшүнүүгө жардам берди.

Тилекке каршы, бир кезде УТРКнын өз архиви дээрлик каралбай, материалдардын бир бөлүгү чачырап кеткен учурлар болгон. Бүгүн болсо архивди санарип форматка өткөрүү боюнча чоң иштер жүрүп жатат. Бул келечектеги изилдөөчүлөр үчүн өтө маанилүү кадам деп эсептейм.

– Кыргыз телерадиосунун кечээгиси менен бүгүнкүсүн салыштырып караганда, кайсы баалуулуктар өзгөрбөй сакталып калды деп ойлойсуз?
– Кыргыз телерадиосунун эң башкы миссиясы эч качан өзгөргөн жок. Ал элдин тарыхын, тилин, каада-салтын, руханий мурасын кийинки муундарга жеткирүү. Ушул күнгө чейин кыргыздын ким экенин, тарыхын, улуттук нарк-насилин чагылдырган ондогон берүүлөр даярдалып келет. Көпчүлүк мамлекеттик телеканал тууралуу сөз болгондо маалыматтык саясатты гана айтып, бийликти көрсөтөт деп сынга алышат. Бирок анын дагы бир чоң вазыйпасы бар экенин көп учурда унутуп коюшат. Ар бир мамлекеттин өзүнүн расмий маалыматтык саясатын элге жеткирчү мамлекеттик медиасы болушу керек. Бул мамлекеттик башкаруунун дагы бир бөлүгү.

Ошол эле учурда телевидение токтоп калбайт. Азыр социалдык тармактарга, интернет платформаларга ыңгайлашып, жаңы форматта өнүгүп жатат. Менимче, телевидение дагы узак жылдар жашай берет.

– Бул китеп жаш журналисттер үчүн кандай мааниге ээ болот деп ойлойсуз?
– Бул эмгекти биринчи кезекте жаш журналисттерге жана телевидение тарыхына кызыккан окурмандарга арнадым. Бирок, бүгүнкү күндө китепти улуу муун өкүлдөрү дагы кызыгуу менен окуп жатышат. «Биз көрүп чоңойгон инсандар, ошол кездеги программалар тууралуу маалыматтарды кайра эстедик» деген пикирлерди көп угуп жатам. Китепте кыргыз телевидениесинин ар кайсы доорлорунда жаралган белгилүү долбоорлордун тарыхы кеңири берилген. Маселен, Бейшенбек Бекешовдун эмгеги, Жылдыз Муслимованын кыргыз тарыхын чагылдырган берүүлөрү, Сагын Ниязалиеванын «Сармердени», Кубат Оторбаев жетектеген мезгилдеги эркин журналистиканын өнүгүшү, «Ой Ордо», «Дебат» форматындагы программалардын жаралышы сыяктуу мисалдар камтылган. Ар бир доордун өзүнүн жаңылыгы, өзүнүн жүзү болгон.

– Бул китеп аркылуу жаш журналисттерге жана окурмандарга кандай негизги ойду жеткирүүнү кааладыңыз?
– Менин эң негизги максатым кыргыз телерадиосунун чыныгы тарыхын так фактылар менен көрсөтүү болду. Мындан сырткары, көп жылдан бери айтып жүргөн дагы бир сунушум бар. Менин оюмча, Кыргыз радиосунун туулган күнү 1927-жылдын 7-марты катары расмий белгилениши керек. Бул боюнча окумуштууларга дагы, жетекчиликке дагы бир нече жолу сунуш киргиздим. Азырынча колдоо таба элек. Кээ бирлер «радио өзүнүн жолунда эле өнүгүп жатат, датаны өзгөртүүнүн эмне кереги бар?» дешет. Бирок тарыхый тактык ар дайым маанилүү. Радио бүгүн дагы жашап жатат, эртең дагы жашай берет. Болгону заман өзгөргөн сайын веб-радио, санарип форматтары аркылуу жаңы доорго ыңгайлашууда.

– Китеп жарык көргөндөн кийин кандай пикирлер айтылып жатат?
– Албетте, түрдүү пикирлер бар. Айрым мурдагы башкы директорлор өздөрүнүн доорунда жасалган иштер толук камтылбай калганын айтып жатышат. Кээ бирлери сын айтылганына нааразы болушууда. Мен алардын дагы оюн сыйлайм. Балким кийинки басылыштарда же кийинки китептерде айрым учурларды кененирээк жазармын. Бирок бул эмгекти жазууда жеке көз карашка эмес, фактыларга гана таянууга аракет кылдым. Эгер бардык жетекчилер идеалдуу иштегенде, анда эмне үчүн УТРК тууралуу сын-пикирлер ондогон жылдар бою токтобой келди? Бул дагы жооп талап кылган суроо. Ошондуктан окурман өзү жыйынтык чыгарышы үчүн мүмкүн болушунча документтерге жана архивдик маалыматтарга таяндым. Азыр болсо кийинки эмгек тууралуу дагы ойлонуп жатам. Анткени, 2028-жылы кыргыз телевидениесинин мааракеси белгиленет. Ага чейин дагы жаңы материалдарды топтоп, өзүнчө китеп даярдоону максат кылып жүрөм.

– Акыркы суроо. Бул китеп аркылуу УТРКнын тарыхына кандай баа бердиңиз?
– Бул китепти жазууда кимдир бирөөнү мактоо же тескерисинче каралоо деген максат болгон жок. Мен үчүн эң негизгиси кыргыз телевидениеси кандай жолду басып өткөнүн, кандай сыноолорду көргөнүн объективдүү көрсөтүү эле. Чынын айтканда, көп жылдар бою УТРКнын материалдык-техникалык абалы өтө оор болгон. Өзүм ошол жерде иштеген адам катары кышында муздак кабинеттерде иштеп, шарттын жоктугун көрүп жүрдүм. Кээде коноктор келгенде деле уялчу учурлар болгон. Бүгүнкү күндө абал түп-тамырынан өзгөрдү. Имарат жаңыланып, заманбап техникалар орнотулду. Мен УТРКны экинчи үйүм деп эсептейм. Ошондуктан анын бүгүнкү жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанам.
Телерадио мени элге таанытты, кесиптик жактан тарбиялады. Ошол себептен анын кечээги тарыхын да, бүгүнкү өзгөрүүсүн да калыс чагылдырууну өзүмдүн жарандык жана кесиптик милдетим деп эсептейм.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X