Чынара МАЛИК кызы, ишкер: “СИСТЕМАЛУУ ЖАНА ТУРУКТУУ БИЗНЕС МАДАНИЯТЫН ӨНҮКТҮРҮҮ МААНИЛҮҮ”
Чынара Малик кызы бүгүнкү күндө орто жана ири компанияларга комплекстүү кызмат көрсөткөн Pro consult компаниясынын негиздөөчүсү. Ал ишкерлик жолун юридикалык тармактан баштап, ментордук программасынын алкагында Баткен жана Нарын облусундагы кол өнөрчү айымдарга билим гана бербестен, өзүн тааныта ала турган чөйрөнү түзгөн. Чынара айым ийгиликке жеткен сырларын бөлүштү.
— Чынара айым, алгач өзүңүздүн ишкерлик жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз. Бул тармакка кантип келдиңиз?
— Мен кичинекей кезимден эле уюштуруучулук иштерге кызыгып, адамдар менен иштешкенди жактырчумун. Ишкерлик жолум юридикалык тармактан башталган. Ишкерлер менен иштешип жүрүп, алардын көбү системанын жоктугунан, туура келишимдерди түзө албай укуктук сабаттуулуктун жетишсиздигинен жапа чегип жаткандарын көрдүм. Ошол кезде менде адамдарга “жөн гана кызмат көрсөтүү эмес, бизнеске стратегиялык өнөктөш болуу керек” деген түшүнүк пайда болду. Алгач чакан команда түзүп, ар бир кардардын маселесине терең кирип, комплекстүү чечим сунуштай баштадык. Рынокто адамдарга ишеним жаратуу көп убакытты талап кылды. Бирок биз сапатыбыз, тартибибиз жана жоопкерчилигибиз менен өз ордубузду таптык десем жаңылышпайм. Бүгүнкү күндө биздин компанияда адамдардын ишенимин жаратып, кардарларыбыздын саны көбөйдү.
— Бишкек шаарында бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берсеңиздер?
— Бишкек шаарыбызда туруктуу, кирешелүү жана өнүгө турган бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгү атаандаштык менен айкалышкан. Бул жерде рынок өтө эле жандуу, кардарлар талапчыл, атаандаштык жогору. Ошондуктан эгерде ачкан бизнесиң сапатсыз же системасыз болсо, ал бизнес узакка созулбайт. Бирок ошол эле учурда байланыш түзүү, өнөктөштүк табуу, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр абдан кеңири. Бишкекте ийгиликке жетүү үчүн ылдамдык, профессионалдуулук жана стратегиялык ой жүгүртүү зарыл.
— Сизге эң чоң мотивация берген факторлор кайсылар?
— Мага эң чоң мотивация берген фактор — бул менин натыйжам. Кардардын баштаган иши системалуу болуп иштеп кетсе, алардын кирешеси өсүп, юридикалык жактан коопсуз иштеп баштаганда, мен чын жүрөгүмдөн канааттанам. Ошондой эле аялдар күчтөнүп, лидер болуп чыгып жатканы мага өзгөчө дем берет. Мен ишенем, эгерде айымдар экономикалык жактан күчтүү болсо, коом да күчтүү болот.
— Ишкерлик жолунда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз жана аларды кантип жеңдиңиз?
— Ишкерчилигимде эң чоң кыйынчылыктардын бири – бул ишеним маселеси болду. Консалтинг компаниясы көзгө дароо көрүнбөгөн продуктулардын бири. Натыйжада убакыттын өтүшү менен ар бир ишкерге кылдаттык жана сапаттуу мамиле кылганда гана ишеним пайда болот. Башында кадрдык ресурстар жетишсиз болуп, рынокто түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүүгө туура келди. Биз ар бир долбоорго максималдуу жоопкерчилик менен мамиле кылып, репутацияга көбүрөөк басым жасап келдик. Убакыт өтүп, кардарларыбыз сунуш аркылуу келе баштаганда, биз айымдарга туура жолду көрсөткөнүбүздү түшүндүм.
— Кыргызстан ишкер айымдар ассоциациясы менен иш алып баруудагы негизги максатыңыз кандай?
— Кыргызстанда ишкер айымдар ассоциациясы менен иштөөдөгү максатыбыз – айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. Кыргыздын айымдарында көптөгөн потенциалдар бар, бирок маалыматтын аздыгы жана колдоо жетишсиз. Биз алардын бизнесин системалаштырууга, мыйзамдуу жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү көздөп келебиз. Бүгүнкү күндө кичи же орто бизнеске эле кызмат көрсөтпөстөн, ири компанияларга да кызмат көрсөтө баштадык.
— Айымдардын бизнеске келүүсү, акыркы жылдары кандай өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуз?
— Акыркы жылдары айымдар жөн гана кошумча киреше табуу үчүн эмес, масштабдуу ой жүгүртүү менен бизнеске кирип жатышат. Алар стратегия түзүп, команда куруп, экспортко чыгып башташты. Мисалы: Эльза айымыбыз, шырдак жана декоративдик буюмдарды жасаган кол өнөрчү. Ал салттуу буюмдарга заманбап дизайн элементтерин киргизди. “Продукцияга болгон кызыгуулар артты, алгачкы мастер класстарга билдирүүлөр түшө баштады, ишкердик көндүмдөрү жана убакытты башкаруу тартиби жакшырды”- дейт Эльза айым. Айымдардын лидерлик позициясынын активдүүлүгү мен үчүн чоң өзгөрүү.
— Чынара айым, ментордук программа жөнүндө айтып кетсеңиз?
— БУУӨП тарабынан Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ментордук программа Кыргызстандын аймактарында жаштардын жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Бул программанын өзөгүн өнөктөштүк түзөт: менторлор өз тажрыйбасы менен бөлүшөт, ал эми ментилер бизнесин туруктуу өнүктүрүү үчүн керектүү билимди, колдоону жана ишенимди алышат. “Ментор – бул мугалим эмес, мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп, өзүңө ишенүүгө жардам берген өнөктөш”. Ментор программасы менен иштөө учурунда негизги бизнес-куралдарды өздөштүрөт.
— Форумдарга катышуу ишкер айымдарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөт?
— Форум — бул тажрыйба алмашуу, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана чоң идеялар жаралган аянтча. Мындай иш-чаралар аялдардын үнүн угузууга, алардын ролун бекемдөөгө жардам берет. Бул жерде мотивация гана эмес, реалдуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
— Pro Consult компаниясын түзүү идеясы кантип жаралган?
— Ишкерлердин көпчүлүгү башка адистерге кайрылууга мажбур экенин көрдүм. Бир маселе боюнча юристке, экинчи маселе боюнча бухгалтерге, дагы бирөө кеңешчи издеп жүрүшөт. Ошондуктан Pro Consult компаниясын түзүү идеясы ишкерлердин ар кайсы адистерге чуркабай, бир жерден комплекстүү кызмат алуусуна шарт түзүү керек болду. Юридикалык кызмат, бухгалтерия, аудит, бизнес план жазуу, HR – баары системалуу иштеши керек. Биз “бир терезе” принцибин киргизип, бизнеске стратегиялык өнөктөш болууну максат кылдык.
— Лидер айым катары сиз кандай принциптерди карманасыз?
— Лидер айым болуу – бул билими, илими, кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты бийик, коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошкон, чоң жоопкерчиликти кабыл алып, анын жообун көтөрө билүү. Ошондуктан биринчи орунда жоопкерчиликти коём, андан кийин тартипке салып алып, системалуу иш алып барам.
— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Аймактардагы ишкерлерди колдоону күчөтүү, экспортко багытталган долбоорлорду өнүктүрүү жана айым лидерлер үчүн билим берүү программаларын кеңейтүү пландарыбыз бар. Биздин негизги максатыбыз – өлкөбүздө мыйзамдуу, системалуу жана туруктуу бизнес маданиятын өнүктүрүү.
Чынара Калматова