Чынара Урумкалиева, №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин директору: 10 багыт боюнча заманбап кадрлар даярдалат

Чынара Чалагызовна, акыркы үч жыл ичинде №99 лицей тууралуу көп айтыла баштады. Сиздин оюңузча, бул өзгөрүүлөрдөн улам айтылып жатабы?
– Негизинен билим берүү тармагында ар бир окуу жай биринчи кезекте кандай бүтүрүүчү даярдагысы келгенин так билиши керек деп ойлойм. Эгер окуу жай өзү кандай кадр даярдап жатканын түшүнбөсө, анда жыйынтык дагы туш келди болот. Мындан тышкары, эң негизги нерсе — так концепция. Бул багытта биздин лицей биринчи кандай бүтүрүүчү даярдагыбыз келгенин аныктоого аракеттин үстүндө иш баштадык. Биз жөн гана диплом берген окуу жай болууну каалаган жокпуз. Биз технологияны түшүнгөн, өз тармагында иштей алган, жаңы идеяларды сунуштай алган, өсүүгө даяр жаш кадрларды даярдоону максат кылдык. Ошол түшүнүктүн негизинде концепция жаралды. Андан кийин гана команда түзүлө баштады.

Ал концепциянын багыты кандай болду, эмнелер камтылды?

– Өзүм маалыматтык технологиялар адистигин бүтүргөм. Он беш жылдан ашык университетте иштедим. Андан кийин Жогорку Кеңеште депутат болдум. Ошол жылдардын ичинде мен билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы ажырымды көп байкадым. Коомдо жаштардын мүмкүнчүлүгү толук ачылышы зарыл. Мамлекетке кандай кадрлар керек экенин дагы көрдүм десем болот. Ошондуктан, директор болуп келгенде жаңы идея издеген жокмун.Тескерисинче, көп жылдан бери менин башымда жүргөн түшүнүктөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алдым. Ал эми Президент Садыр
Жапаровдун 2023-жылдагы Жарлыгы дал ошол мүмкүнчүлүктү берди. №99 кесиптик лицей Президентке караштуу болуп, өзгөчө макам берилген.

Аталган Жарлык лицейдин ишмердүүлүгүнө кандай таасир берди?
– Лицейге башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында IT-адистерди сапаттуу даярдоого көңүл буруу керектиги баса белгиленген. Лицейге макам берилиши бул биз үчүн чоң ишеним болду. Билим берүү программаларын жыл сайын эмгек рыногунун талабына жараша жаңыртууга шарт пайда болду. Ошол эле учурда окутуучулардын эмгек акысы көтөрүлдү. Бул дагы чоң колдоо болду. Эң негизгиси — бизге өз алдынча өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан кийин бүтүрүүчүнүн моделине жараша системаны кура баштадык.

– Бүгүн лицейдин негизги багыты кайсылар, кандай иш жүргүзүүдө?
– Акыркы үч жыл ичинде мүмкүнчүлүгүм болгон сайын ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү системаларын изилдедим. Кытайдагы колледждерди жана университеттерди көрдүм. Россиядагы кесиптик билим берүү системасы менен тааныштым. Кореянын жана Германиянын тажрыйбаларын изилдедим. Мен эч качан бир өлкөнүн моделин толугу менен көчүрүп алууну каалаган эмесмин. Ар бир өлкөнүн күчтүү жактарын көрүп, аларды биздин шартка ылайыкташтырууга аракет кылдым. Кайсы жерде практика жакшы уюштурулган болсо, ошол тажрыйбаны үйрөндүм.Кайсы жерде окуучунун өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн болсо, ошол моделдерге көңүл бурдук. Акырында биздин лицейдин өзүнүн модели калыптанды. Бул моделдин негизинде STEM билим берүү, практикага басым жасоо, стартаптык ой жүгүртүү, IT-компаниялар менен кызматташуу, хакатондор, менторлук система, тилдер жана эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Бүгүн биздин лицейде 700гө жакын окуучу билим алууда. Алардын 541и бюджеттик негизде, ал эми 154ү контракттык негизде окушат. Лицейдин долбоордук кубаттуулугу 500 орун болгонуна карабастан, окууга болгон кызыгуу жылдан жылга өсүп жатат.

Лицейге окуучулар кандай талаптар менен кабыл алынат?
– Жыл сайын болжол менен 240 окуучу бюджеттик негизде кабыл алынат. Ал эми 100гө жакын окуучу келишимдик негизде окуйт. Сабактар эртең менен саат 8ден кечки 4кө чейин өтөт. Андан кийин тил курстары, спорттук жана чыгармачылык ийримдер иштейт. Биз кытай, корей жана немис тилдерин акысыз окутуп жатабыз. Анткени, бүгүнкү күндө тил билүү дагы атаандаштык артыкчылыгы болуп калды. Лицейде веб-программист, системалык администратор, веб-дизайнер, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуучу, frontend-иштеп чыгуучу, backend-иштеп чыгуучу, маалыматтык коопсуздук боюнча адис, мехатроника жана робототехника адистиктери, ошондой эле бир катар техникалык кесиптер боюнча окутуу жүргүзүлөт. Жаңы багыттар катары мехатроника жана робототехника оператору, маалыматтык коопсуздук, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, frontend жана backend иштеп чыгуу, дизайн технологиясы жана эл аралык электрондук соода адистиктери киргизилген. Азыр бизде 10 заманбап жана эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон багыт боюнча кадрлар даярдалат.

IT багытында билим берүүдө ички техникалык база, жабдуулар да маанилүү эмеспи, бул жаатта абалыңыздар кандай?
– Албетте, технологиялык хаб, жатакана жана жаңы лабораториялар керек. Бул багытта жабдууларыбыз жетиштүү. Бирок, заман шартына ылайыкталган техникалар дагы да зарыл. Акыркы үч жыл ичинде биз өзүбүздүн билим берүү моделибизди түзүүгө аракет кылдык. Бүгүн анын жыйынтыктарын көрүп жатабыз.
– Ал эми сиздерден билим алган жаштардын аракети, IT долбоорлору, стартаптары кандай?
– Коомдо «15–16 жаштагы балдардан олуттуу долбоор чыкпайт» деген пикирди кармангандар көп эле. Айрым IT- компаниялар дагы ошондой ойлошкон. Бирок, мен бул пикирге макул болгон эмесмин. Ал эми жаштарга жөн гана туура чөйрө жана мүмкүнчүлүк керек. Ошондуктан, биринчи жылы биз эл аралык рынокто иштеген күчтүү IT-компанияны лицейге алып келдик. Балдар күн сайын реалдуу долбоорлор менен иштеген адистерди көрүп турушат. Алардан үйрөнүшөт. Анын арты менен биринчи лидерлер пайда болду. Кийин биз өзүбүздүн стартап-инкубаторду түздүк. Бүгүн ошол инкубаторду биздин бүтүрүүчүбүз жетектеп жатат. Мындан тышкары лицейде ментордук маданият пайда болду. Кечээ эле окуп жүргөн окуучу бүгүн кийинки муунга жардам берип жатат. Мен үчүн бул эң чоң жетишкендиктердин бири.

– Практикага кандай көңүл бөлүнөт?
– Эгер окуучу жасабаса, ал үйрөнбөйт. Ошондуктан бизде практика биринчи орунда турат. Ар бир окуучу жыл сайын өндүрүштүк практикага чыгат. Бизде принципиалдуу түрдө мүмкүн болушунча окуучулардын өздөрү жасаган иштерин колдонууга аракет кылынат. Мисалы, лицейдин расмий сайты биздин окуучулар тарабынан иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясынын расмий сайты дагы биздин окуучулардын катышуусу менен даярдалган. Азыр Президенттин демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ачылып жаткан Республикалык инновациялык туризм лицейинин сайтынын үстүндө дагы биздин окуучулар иштеп жатышат. Бул окуу жай «Үч чоку» долбоорунун алкагында туризм тармагына кадр даярдоо максатында түзүлүүдө. Мындан тышкары биздин окуучулар өндүрүштүк практика учурунда көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер үчүн ар кандай санариптик чечимдерди иштеп чыгышат.

– Сиз үчүн ийгиликтүү бүтүрүүчү ким?
– Биздин лицейге балдар сынак аркылуу кабыл алынат. Көпчүлүгү технологияга кызыгып келет. Бирок, алар бизге келгенде болгону 15–16 жаштагы өспүрүмдөр болот. Эки жыл ичинде биз алардын жөндөмүн ачууга, кесиптик багытын тактоого жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Албетте, 17–18 жаштагы бүтүрүүчүнү толук калыптанган адис деп айтууга эрте. Бирок, ал өзүнүн багытын түшүнгөн, кесибин сүйгөн жана эмгек рыногуна чыгууга даяр жаш кадр болуп чыгышы керек. Биздин бүтүрүүчүлөр веб-программалоо, маалыматтык коопсуздук, мехатроника, санариптик дизайн, кийимди санариптик долбоорлоо, системалык администрлөө, электрондук коммерция жана башка багыттар боюнча иштей ала турган деңгээлге жетишет. Биздин максат — балдарды диплом менен гана чыгаруу эмес, алардын келечектеги кесиптик өсүшүнө бекем пайдубал түзүп берүү. Бирок, азыр биз үчүн андан дагы маанилүү милдет пайда болду. Бул моделди ар бир кызматкердин ишинин бир бөлүгүнө айландыруу керек. Ар бир мугалим, ар бир өндүрүштүк окутуу устаты, ар бир бөлүм башчы биздин кандай бүтүрүүчү даярдап жатканыбызды так түшүнүүсү зарыл. Алар өздөрүнүн күнүмдүк иши, ошол чоң максатка кандай кызмат кылып жатканын билиши керек деп ойлойм. Эң күчтүү окуу жай — анын концепциясы ар бир кызматкер тарабынан түшүнүлгөн жана күн сайын аткарылган окуу жай. Эгер биз ушул деңгээлге жетсек, анда система бир адамга көз каранды болбой калат. Ошондо жыйынтык дагы туруктуу болот. Концепция бар жерде натыйжа болот. Биз акыркы үч жыл ичинде дал ушул нерсени далилдөөгө аракет кылдык. Учурдан пайдаланып, келе жактан жаңы окуу жылына июль айынан баштап кабыл ала баштайбыз. Биздин лицей дилгир, маалыматтык технологиялар багытына кызыккан жаштарды күтөбүз.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X