Чынчылдык системасын өнүктүргөн программа ийгиликтүү жыйынтыкталды
2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы БУУнун Өнүктүрүү программасы жана АКШ Элчилигинин INL программасынын колдоосу менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы комплаенс багытындагы Антикоррупциялык мектеп ишин жыйынтыктады.
Үч айга созулган окуу программасынын алкагында Башкы прокуратуранын, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү коррупцияга каршы комплаенс, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана чынчылдык механизмдерин киргизүү багытында окутуудан өтүштү.
Окуу учурунда катышуучулар тарабынан коррупцияга каршы пландар, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу программалары, ошондой эле чынчылдык системасын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча жол карталары иштелип чыгып сунушталды.
Бул демилгелер мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу механизмдерин өркүндөтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү айтылды.
Жыйынтыктоо аземинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкар Акназаров коррупциянын алдын алууга жооптуу кызматкерлердин кесиптик потенциалын мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Окутуунун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.