Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 129

Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген инсан, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор болуп, өлкөнүн билим берүү жана илим тармагына зор салым кошкон.

Эмгек жолун Илимдер академиясында баштаган. Кийин жогорку окуу жайда окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана проректор кызматтарында эмгектенген.

Мындан тышкары, Роза Айтматова Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө да салым кошкон. 1996-жылы «Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору» аттуу бейөкмөт уюмду негиздеп, аялдардын укуктарын коргоо багытында иш алып барган.

Өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин коомдук маселелерге активдүү аралашып, Айтматовдордун үй-бүлөлүк тарыхын жана руханий мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө аракет кылган.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X