Чыңгыз Айтматовдун Минскидеги айкелине сынактын мөөнөтү узартылды
Чыңгыз Айтматовдун айкелин жана анын чыгармаларынын негизинде скульптуралык композицияны жасоо боюнча ачык сынактын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эми сынакка катышууну каалаган кыргызстандык кесипкөй скульпторлор, архитекторлор жана чыгармачыл топтор документтерин 2026-жылдын 29-ноябрына чейин тапшыра алышат.
Жеңүүчү долбоор Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат. Анда жазуучунун инсандыгы, чыгармачылык мурасы жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктар камтылышы керек.
Сынактын байге фонду да белгилүү. I орунга — 200 миң, II орунга — 150 миң, III орунга — 100 миң сом каралган.
Долбоорлор идеялык мазмуну, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.
Белгилей кетсек, Минск шаарындагы сейил бакка 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган. Ошол эле жылдын 26-ноябрында анда беларусь скульптору Алесь Шатило жасаган жазуучуга арналган эстелик белги ачылган.