COP31: Кыргызстан социалдык колдоо маселесин көтөрдү

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 93

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын аярлуу катмарын социалдык жактан колдоо жана жашыл жумуш орундарын түзүү маселелерин эл аралык деңгээлде көтөрдү. Бул маселелер 16-ноябрда Кыргызстандын Улуттук павильонунда өткөн панелдик сессияда талкууланды.

Иш-чара БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында «Климаттык аялуулук жана социалдык кепилдиктер: кам көрүү экономикасы, балалык жана жашыл жумуш орундары адилеттүү өтүүнүн алкагында» деген темада өттү.

Анда Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков климаттык тобокелдиктер күчөгөн шартта калкты социалдык жактан колдоонун жолдорун сунуштады.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) Стамбул борборунун өкүлү Женгиз Арыкан климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдө гендердик теңчиликти камсыздоо жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесине токтолду.

Анын айтымында, аялдардын, анын ичинде фермер аялдардын жана үй чарбаларын башкарган аялдардын мүмкүнчүлүктөрү климаттык саясатты пландаштырууда жана суу ресурстарын бөлүштүрүүдө толук эске алынбай келет. Ал STEM-билим берүү жана жашыл жумуш орундарын өнүктүрүү бул багыттагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Сессиянын жүрүшүндө жашыл жумуш орундарын түзүү, адилеттүү өтүү, эмгек коопсуздугу жана кызматкерлердин укуктарын коргоо маселелери да талкууланды. Талкууга билим берүү, эмгек жана климат жаатындагы эл аралык эксперттер катышты.

Мындан тышкары, Мирланбек Байгончоков БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, ПРООНдун администраторунун жардамчысы жана Саясат жана программаларды колдоо бюросунун директору Маркос Нето менен жолугушту.

Жолугушууда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык коргоону бекемдөө жана климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу адилеттүү өтүүнүн бардык катмарлар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелери талкууланды.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X