COP31: Кыргызстан таза технологияларды өнүктүрүү маселесин көтөрдү

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова COP31 климаттык конференциясынын алкагында Казакстандын улуттук павильонунда өткөн таза технологиялар боюнча тематикалык сессияга катышты.

Иш-чарада таза технологияларды өнүктүрүү жана улуттук жетишкендиктерди аймактык климаттык демилгелерге айландыруу маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө Раимкулова климаттын өзгөрүшү аймактын жаратылыш экосистемаларына жана биологиялык ар түрдүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Ал жаратылышты коргоодо заманбап технологияларды колдонуу жана илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле экология тармагындагы кадрларды даярдоо, жаштарды жана илимий коомчулукту колдоо, адистердин кесиптик билимин жогорулатуу маселелерине токтолду.

Министрдин орун басары БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) таза технологияларды жайылтуудагы жана эл аралык тажрыйба алмашуудагы ролун да белгиледи.

Анын айтымында, экологиялык туруктуулукка жетишүү үчүн илимди, заманбап технологияларды, сапаттуу билим берүүнү жана эл аралык кызматташтыкты айкалыштыруу зарыл.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X