COVID-19: Өлкөдө вирус жугузуп алгандар катталган жок

11-апрелге караган суткада Кыргызстанда COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, илдеттен айыккандар жана каза болгондор дагы катталган эмес.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 71 бейтап, амбулатордук түрдө 14 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X