COVID-19. Өлкөдө 230 кишиге вирус жугуп, 4 бейтап каза болду

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 25

Кыргызстанда акыркы суткада 230 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 131, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда— 70, Талас облусунда — 1, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда— 4, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X