COVID-19: 41 адамдан коронавирус аныкталып, дагы эки бейтап каза болду
18-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 41 адамдан аныкталып, 2 бейтап көз жумду.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 20, Чүй облусунда – 14, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 191 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду