COVID-19: Акыркы суткада 225 кишиден вирус аныкталып, экөө каза болду

20-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 9

20-апрелге караган суткада өлкөдө 225 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Вирус жуккандардын саны Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп катталды.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 117, Чүй облусунда — 82, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 5 кишиден вирус аныкталды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

20-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 9
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X