COVID-19: Акыркы суткада 227 кишиден вирус аныкталып, төртөө каза болду
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 13-апрелге караган суткада Кыргызстанда 227 кишиден вирус жаңыдан аныкталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 141, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 64, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Нарын облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусуна 1 бейтап каза болду.
Былтыр март айынан бери 90 миң 599 киши вируска кабылып, 1 миң 532 бейтап көз жумган.