COVID-19: Акыркы суткада 305 кишиден вирус аныкталып, 6 бейтап каза болду

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 18

15-апрелге караган суткада Кыргызстанда 305 кишиден вирус аныкталып, 6 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 186, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 89, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус тастыкталды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 91 миң 144 киши вируска чалдыгып, 1 миң 540 бейтап көз жумду.

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X