COVID-19: Акыркы суткада вирус 240 адамга жукту, 2 бейтап каза болду
14-апрелге караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 240 адамдан COVID-19 илдети тастыкталып, Бишкек шаарында 2 адам каза болду. 15 медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталды.
Жаңы катталган учурлар боюнча маалымат:
- Бишкек шаарында 133 адам;
- Чүй облусунда 85 адам;
- Ысык-Көл облусунда 10 адам;
- Ош облусунда 5 адам;
- Баткен облусунда 2 адам;
- Нарын облусунда 1 адам;
- Талас облусунда 4 адам.