COVID-19: Акыркы суткада вирустан 4 адам каза болду
1-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 70, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 18, Талас облусунда — 1, Нарын облусу — 6, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында — 2, Чүй облусунда-2 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 175 миң 876 адамдан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 170 миң 67 киши айыгып чыкса, 2 миң 532 адам каза болгон.