COVID-19: Бүгүн вирус үч адамдын өмүрүн алды

16-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 19

16-октябрга караган суткада Кыргызстанда 94 адамдан коронавирус аныкталып, 3 бейтап каза тапты. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 44;

Ош шаарында – 3;

Чүй облусунда – 31;

Талас облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 10;

Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет аныкталган.

COVID-19 инфекциясынан Бишкек шаарында — 2, жана Ысык-Көл облусунда — 1 бейтап каза тапты.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 2632 бейтап каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X