"Эркин-Тоо"

COVID-19: Бүгүн 2000ге чукул адамга вирус жугуп, 8 бейтап каза болду

30-июнга караган суткада Кыргызстанда 1965 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Эң көп учур Бишкек шаарында катталды.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 1 миң 490, Ош шаарында — 45, Чүй облусунда — 111, Ош облусунда — 94, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 93, Баткен облусунда — 73 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда экиден, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 3 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 125 миң 3 киши вируска чалдыгып, 2 миң бейтап көз жумду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!