COVID-19: Бир суткада 222 кишиден вирус аныкталып, төртөө каза болду

8-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 16

8-апрелге караган суткада өлкөдө 222 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан — 183, Ош шаарынан — 4, Чүй облусунан — 24, Ысык-Көл облусунан — 4, Нарын облусунан — 2, Жалал-Абад облусунан — 4, Баткен облусунан — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч жана Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

8-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X