COVID-19. Бир суткада 224 кишиден вирус аныкталып, сегизи каза болду
4-майга караган суткада Кыргызстанда дагы 224 кишиден вирус жаңыдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 139, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 63, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 11 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 96 миң 561 киши вируска чалдыгып, 1 миң 630 бейтап көз жумду.