COVID-19. Бир суткада 98 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза болду

31-март, 2021-ж. / Редакция / Медицина 19

31-мартка караган суткада республика боюнча 98 кишиден вирус жаңыдан аныкталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 48, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 36, Ош облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 6, Нарын облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 4, Баткен облусунан — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 88 миң 374 киши вируска чалдыгып, 1 миң 499 бейтап көз жумган.

31-март, 2021-ж. / Редакция / Медицина 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X