28-апрелге караган суткада Кыргызстанда дагы 322 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 277, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 59, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.
Март айынан бери 94 миң 599 киши вируска чалдыгып, 1 миң 592 бейтап көз жумду.