COVID-19: Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди
Акыркы күндөрү коронавирус илдети күч алып, тездик менен жайыла баштаганына байланыштуу, Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, эпидемиолог Зуридин Нурматов билдирди.
«Үч күндөн бери Бишкек шаары «кызыл зонада» турат. Чүй аймагы «сары зонага» кирип калды. Калган региондордо абал дурус», — дейт Зуридин Нурматов.
Министрлик илдетке чалдыккан адам өзү жүргөн чөйрөсүндө канча адамга жугузду деген көрсөткүч менен өлчөп турат. Эгерде бир адам 50дөн ашык адамга жугузган болсо ал аймак «кызыл зонага» өтөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 6-апрелге караган суткада өлкөдө 124 кишиден вирус аныкталды:
Бишкек шаарынан — 77, Чүй облусунан — 43, Ысык-Көл облусунан — 3, Нарын облусунан — 3, Ош облусунан — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 89 миң 277 киши вируска чалдыгып, 1 миң 509 бейтап көз жумду.