COVID-19: Бишкекте кошумча стационарлар кайрадан ачылат

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланып, Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жатканына  байланыштуу, келерки жумададан баштап  кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X