COVID-19: Дагы 247 кишиден вирус аныкталып, бешөө каза болду
27-апрелге караган суткада Кыргызстандын аймагында 247 кишиден вирус жаңыдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Эң көп учур Бишкек шаарында жана Чүйдө катталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 146, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 79, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3 жана Чүй облусунда 2 бейтап каза болду.