COVID-19: Дагы 306 адамга вирус жугуп, 4 бейтап каза болду

21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 11

Кыргызстанда 21-апрелге караган суткада 306 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Эң көп учур Бишкек шаарында катталды.
Бишкек шаарында – 203, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 11, Талас облусунда — 1, Нарын жергесинде — 4, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 4 жаңы учур катталды.
COVID-19 илдетинен акыркы суткада 4 адам каза болду.
Пандемия башталгандан бери вирустан көз жумгандардын саны 1561 адамга жетти.
Учурда республикада 2 миң 699 адам дарыланып жатат. Анын 1309у ооруканаларда, калганы үй шартында. Илдет менен күрөшүп жаткан 50 адамдын абалы өтө оор деп кабарланды.

21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X