COVID-19: Европада абал курч

26-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 19

Улуу Британияда экинчи жума катары менен суткасына 40 миң адамдан коронавирус илдети аныкталып жатат. Буга байланыштуу өлкөдө ооруканалар кайрадан бетаптарга толду. Мындай абалга карабастан бийлик азырынча чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл ала элек. Алар, калкты жапырт эмдөө абалдан куткарат дешүүдө. Акыркы үч күндө өлкөдө 800 миңден ашуун адам вакцинанын үчүнчү дозасын алышты. Бирок айрым эксперттер абалдан чыгуу үчүн бир гана эмдөөгө ишенүү жетишсиз деп билдиришти.

JCVIдын профессору Адам Финндин айтымында, эмдөөдөн өткөн жарандарды дагы бет кап тагынууга милдеттендирип, коомдук жайларда адамдардын топтолушун токтотуу зарыл. Мындай чектөөлөр киргизилбесе, абал курчуп кетет, — дейт ал. Болбосо, кыштын ортосунда кризис күч алып, вирусту көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат деген оюн билдирди Адам Финн.  

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Германияда өтүп жаткан саммитинде, ДССУнун башчысы Тедрос Адан Гебреисус пандемия менен күрөшүүгө багытталган ресурстар жетишерлик деңгээлде колдонулбай жатканын маалымдады.

“Дүйнө мамлекеттери пандемия менен күрөшүүдө жетишерлик аракеттерди жасашкан жок. Бизде бардыгы бар, натыйжалуу медицина, медициналык жардам көрсөтүү дагы жолго коюлду. Бирок көптөгөн мамлекеттер муну керектүү деңгээлде колдонгон жок”, — дейт ал.

Румынияда калкты коронавируска каршы эмдөө толук кандуу жүргүзүлбөй жаткандыгына байланыштуу, Евробиримдик жарандык коргоо Механизмин ишке киргизди. Биримдикке кирген башка мамлекеттер дагы колдоо көрсөтүшүп, керектүү жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыздашууда.

26-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X