"Эркин-Тоо"

COVID-19: Франциянын жандандыруу бөлүмдөрүндө орун калган жок

Франциянын ооруканаларындагы жандандыруу бөлүмдөрүндө орун калган жок: коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын саны 4,9 миң адамдан ашты. Бул тууралуу маалыматты Associated Press басылмасы жазды. 2020-жылы өлкөдө вирус туу чокусуна жеткен маалында жандандыруу бөлүмдөрүндө 4419 бейтап жаткырылган. Дарыгерлеринин айтымында, реанимация бөлүмүнө келип түшкөн бейтаптардын саны күн сайын эки эселеп өсүүдө.
«Абал курч… Оорулуулардын көбөйүшүнөн улам реанимация бөлүмдөрүндө орун калбай калды», — деп дарыгерлер тынчсыздануу менен билдиришти. Адистердин айтымында, учурда Францияда коронавирустун британ штаммы күч алган. Ооруканаларга 40 жашка чейинки жарандар көп түшүүдө.
Акыркы маалыматка ылайык, Францияда пандемия маалында жалпы 4,6 миллион адамга илдет жуккан, анын ичинен 95 миңден ашууну каза тапкан.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!