COVID-19 илдетинин жайылышына жол бербөө маселелери талкууланды
Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев менен жолугушту.
Жолугушууда диний чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөр, коомдогу туруктуулук, диний лидерлеринин сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле COVID-19 инфекциясынын жайылышына жол бербөө, сыйынуучу жерлерде санитардык эрежелерди сактоо маселелери талкууланды. Илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында мечиттерде, эл көп чогулган жайларда социалдык аралыкты сактоо, бет кап тагынуу сыяктуу бир катар эрежелерди сактоолорун эскертүү зарыл экендиги айтылды.
too.kg/?attachment_id=6611″ class=»wp-image-6611″/>
too.kg/?attachment_id=6612″ class=»wp-image-6612″/>
too.kg/?attachment_id=6613″ class=»wp-image-6613″/>
too.kg/?attachment_id=6614″ class=»wp-image-6614″/>