COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 145 кишиден вирус аныкталып, 6 бейтап болду

12-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 19

12-апрелге караган суткада өлкөдө 145 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 107, Ош шаарынан — 2, Чүй облусунан — 25, Ош облусунан — 1, Ысык-Көл облусунан — 5, Нарын облусунан — 2, Жалал-Абад облусунан — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.
Март айынан бери 90 миң 372 киши вируска чалдыгын, 1 миң 528 бейтап көз жумду.

12-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X