COVID-19. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсө баштады
Акыркы учурларда ооругандардын саны өлкөдө акырындык менен өсүп бара жатат. Вирус аныкталгандардын көбү Бишкек шаарынын тургундары.
Өткөн суткада коронавирус дагы 162 адамдан аныкталды.
Бишкек шаарынан — 112, Чүй облусунан — 39, Ысык-Көл облусунан — 7, Ош шаарынан — 1, Жалал-Абад облусунан — 1, Ош облусунан — 1, Баткен облусунан — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.