COVID-19: Кыргызстанда вирус жуктуруп алгандардын саны кескин өстү

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 20

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алып ооруканада жана үй шартында дарыланып жаткандардын саны кескин өстү. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 13-апрелдеги маалыматына караганда, учурда республика боюнча 932 бейтап стационарларда дарыланууда . Алардын 20сынын абалы канааттандыраарлык. 666 кишинин акыбалы орто оор, 213 бейтап оор, 33ү өтө оор деп бааланган. 13-апрелге карата республика боюнча вирустан төрт бейтап каза болду. Илдет дагы 227 кишиден табылып, бул сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X