COVID-19: Латвияда кайрадан карантин киргизилди

22-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 16

Расмий маалыматтарга ылайык, Латвияда коронавирус инфекциясы кайрадан күч алгандыгына байланыштуу, бийлик 15-ноябрга чейин карантин киргизди. Бул аралыкта азык-түлүк саткан дүкөндөр, супермаркеттер, дарыканалар жана май куйуучу жайлар гана иштейт. Кечки саат 20.00дөн баштап, таңкы 05.00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

Кечээ, 22-октябрда өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 2 935 адамга жетип, бул акыркы кездеги рекорддук көрсөткүч болгон. Вирустан бир суткада 23 адам каза болгон. Ал эми Ригадагы эң ири ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча орундар ачылган.

«Өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы кооптуу абалга кептелди. Ооругандардын саны тездик менен көбөйүп, вирус кайрадан күч алды. Буга байланыштуу карантин киргизүүгө мажбур болдук. Вакцина алгандар дагы аралыкты сактап, коргонушсун. Себеби калк арасында эмделбегендер дагы деле көп. Бизге мындай чечим кабыл алуу албетте оордукка турду, бирок башка чара жок», — дейт өлкөнүн премьер-министри Кришьянис Кариньш.

Өлкө бийлигинин айтымында, калкты жапырт эмдөө коронавирус менен күрөшүүгө багытталган негизги мамлекеттик стратегия бойдон кала берет.

Расмий маалымат боюнча, Латвияда 18 жаштан жогорку курактагылардын 54%ы вакцина алышкан. Ал эми жамааттык иммунитетти камсыздоо үчүн калктын 74%ы эмделиши зарыл.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X