COVID-19: Вирус 107 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза болду

12-ноябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылйык:

Бишкек шаарында — 64, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 20, Талас облусунда −2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 197 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 615 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X