COVID-19: Вирус 471 кишиден аныкталып, 6 киши каза болду

10-августка караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 471 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 212, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 110, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 60, Баткен облусунда — 21 адамдан илдет табылган.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте-4, Ысык-Көл облусунда-2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкүгө алынган маалымат боюнча өлкөдө 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемиянын башынан тартып жалпы 6 миң 626 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 6 миң 150 медкызматкер айыгып чыкты.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X