21-июнга караган суткада 585 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 353, Ош шаарында — 54, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 19, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 80, Баткен облусунда — 35 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 115 миң 615 киши вируска чалдыгып, 1 миң 937 бейтап көз жумду.