COVID-19: Вирус 93 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

19-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 22

19-октябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында COVID-19 инфекциясы 93 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирип, илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар деп маалымдашты.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 49;

Чүй облусунда – 31;

Ош облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 12 адамдан илдет аныкталган.

Акыркы суткада Ош шаарында, Нарын, Талас жана Баткен облустарында вирустун жаңы учурлары катталган эмес.

2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 006 адамга жетип, 2 638 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X