"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус бүгүн 13 кишинин өмүрүн алды

28-июлга караган суткала Кыргызстанда коронавирус дагы 996 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка лыайык:

Бишкек шаарында — 603, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 126, Ош облусунда — 26, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 56, Жалал-Абад облусунда — 92, Баткен облусунда — 58 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 8, Чүй облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 928 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 528 адам дарыланууда.

Акыркы суткада өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 378 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты.

2020-жылдын март айынан тартып 160 миң 85 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 140 миң 39 киши айыгып чыкса, 2 миң 288 адам каза тапты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!