"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 1 миң 238 адамдан вирус табылып, 10 киши каза тапты

8-июлга каратаган суткада Кыргызстанда вирус дагы 1 миң 238 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 693, Ош шаарында — 67, Чүй облусунда — 151, Ош облусунда — 82, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусу — 38, Жалал-Абад облусунда — 86 жана Баткен облусунда — 89 кишиден вирус аныкталды.

COVID-19 илдетинен өлкөдө 10 киши каза тапты:

Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда −3, Ысык-Көл облусунда -1 адам каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 135 миң 739 адам вируска кабылып, 2 миң 73ү көз жумган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!