"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 1 миң 485 кишиден вирус аныкталып, 10 адам каза болду

2-июлга караган сутка ичинде Кыргызстанда дагы 1 миң 485 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 923, Ош шаарында — 33, Чүй облусунда — 165, Ош облусунда — 109, Талас облусунда — 22, Нарын облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 91, Баткен облусунда — 80 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Баткен облусунда 2, Чүй жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 127 миң 880 киши вируска чалдыгып, 2 миң 19 бейтап көз жумду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!