"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 1081 адамдан аныкталды. 5 бейтап каза болду

28-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус дагы 1081 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында – 640, Ош шаарында – 71, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 58, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 63 адамдан илдет табылган.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 123 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 813 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 24 бейтаптын абалы орто оордукта, 926 адамдын абалы оор жана 128 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 342 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 850 медкызматкер сакайды.

2020-жылдын март айынан тарта өлкөдө 121 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 108 миң 953 киши айыгып чыкса, 1 миң 982 адам каза болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!