COVID-19: Вирус дагы 175 кишиге жугуп, 5 бейтап каза болду
3-сентябрга караган сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 175 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 85, Чүй облусунда — 31, Ош облусу — 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.
COVID-19 илдетинен акыркы суткада Бишкек шарында- 2, Чүй облусунда-2, Нарын облусунда-1 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда жалпы 176 миң 193 адамдан коронавирус аныкталса, анын ичинен 170 миң 261 киши айыгып чыгып, 2 миң 541 адам каза болгон.