COVID-19: Вирус дагы 199 кишиге жукту, каза болгондор бар
26-апрелге караган суткада 199 кишиден вирус жаңыдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 138, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 29, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1 жана Нарын облусунда 1 бейтап каза болду.
Март айынан бери 94 миң 30 киши вируска чалдыгып, 1 миң 584 бейтап көз жумду.