COVID-19: Вирус дагы 345 кишиден аныкталды, 6 бейтап көз жумду

29-апрелге караган суткада өлкөдө дагы 345 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 224, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 77, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 18, Баткен облусунда — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп бара жатканына байланыштуу, адамдар көп топтолгон жайлардан оолак болуп, бет кап кийип, антисептик колдонуңуздар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X