COVID-19: Вирус дагы 385 кишиге жугуп, үчөө каза болду
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 7-майга караган суткада өлкөдө дагы 385 кишиден вирус аныкталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 226, Ош шаарында — 12, Чүй облусунда — 108, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 15, Баткен облусунда — 4 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.