"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 647 кишиге жукту. 7 адам каза болду

16-июнга караган суткада өлкөдө дагы 647 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 257, Ош шаарында — 118, Чүй облусунда — 73, Ош облусунда — 120, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда — 23 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында -2, Жалал-Абад облусунда -2, Ош шаарында -1, Ош облусунда -1, Чүй облусунда -1 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 111 миң 990 киши вируска чалдыгып, 1 миң 912 бейтап көз жумду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!