"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 738 кишиден табылып, 8 адам каза болду

23-июнга караган суткада 738 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 360, Ош шаарында — 93, Чүй облусунда — 51, Ош облусунда — 108, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 60, Баткен облусунда — 31 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 117 миң 284 киши вируска чалдыгып, 1 миң 953 бейтап көз жумду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!