17-июнга караган суткада өлкөдө дагы 787 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 368, Ош шаарында — 97, Чүй облусунда — 130, Ош облусунда — 96, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 38, Баткен облусунда — 25 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 112 миң 777 киши вируска чалдыгып, 1 миң 916 бейтап көз жумду.