6-июлга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 1 миң 233 адамдан табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 789, Ош шаарында — 44, Чүй облусунда — 139, Ош облусунда — 32, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 83, Баткен облусунда — 89 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен бир күндө 8 адам каза болду: Бишкекте – 4, Ысык-Көл облусунда – 3 киши, Баткен облусунда – 1.
Учурда ооруканаларда 4 миң 158 адам, ал эми амбулатордук түрдө 12 миң 12 бейтап дарыланууда. Дарыланып жаткандардын ичинен 94 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 694 адамдын абалы орто оор, 1 миң 193 киши оор жана 177 бейтап өтө оор абалда.